Жаңылыктар
Президент жаңы окуу жылына даярдыктар боюнча маалымат алды
Билим
Президент жаңы окуу жылына даярдыктар боюнча маалымат алды

Президент Алмазбек Атамбаев Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Гүлмира Кудайбердиева авариялык мектептердин ордуна жаңы мектептерди куруу боюнча президенттин тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү боюнча маалымат берди. 

Өлкөдөгү мектептердин абалын талдоонун жыйынтыгында капиталдык ремонтко же жаңы имаратка муктаж болгон 122 мектеп бар, ал 2017-2018-окуу жылындагы курулуштардын планына киргизилгенин билдирди. Мындан тышкары, министр мектепке чейинки жана мектепте билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду. 

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы окуу жылына карата бир катар тапшырмаларды берип, өлкөдө мектептердин курулуштарын өз мөөнөтүндө аяктоо, ал эми жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан райондордо – суук түшкөнгө чейин балдардын окуусу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгын айтты. Президент ошондой эле акыркы жылдары мамлекет өзгөчө көңүл буруп жаткан билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды жүргүзүү, өлкөдө мындан ары дагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга зарыл шарттарды түзүү керектигин айтты.