Жаңылыктар
Табият кырсыктарынан жабыр тарткандарга президенттик фонддон жардам көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Табият кырсыктарынан жабыр тарткандарга президенттик фонддон жардам көрсөтүлдү

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Өзгөн, Чоң-Алай районундагы табият кырсыктарынан жабыр тарткандарга президенттик фонддон 36 миллион 800 миң сом материалдык жардам көрсөттү. Аманатты өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, кырсык болгон аймактарга барып, жеринде тапшырды. Премьер-министр кырсыктан улам, жараксыз болгон социалдык мекемелерди калыбына келтирүү иш-чарасына катышып, элеттиктердин учурдагы жашоосунан кабар алды.

Ушул тапта Чоң-Алайлыктарга ар бир күндүн эмес, ар бир сааттын өтүшү маанилүү. Жайы кыска, кышы узак өрөөндүн тургундары суук түшкөнчө там тургузуп, кирип алуу аракетинде. Майдагы жер титирөөдөн авариялык абалга кептелген 642 турак-үйдүн учурда 453үнүн короосунда курулуш иштери журүп жатат.

Кара-Мык айылынын тургуну Колдошали Жалиловдун үйү жер титирөөдө 4-даражада жабыркаган. Жаңыдан түптөлүп жаткан үйүнүн чатырын ырастап жаткан тургун, короосуна чейин жеткирилип жаткан арзан баадагы курулуш каржаттары чыгымды эки эсеге кыскартканын, мунун натыйжасында, эки кабаттуу там тургузууга жетишкенин айтат.

Майдагы зилзала жарандарды жер титирөөгө туруштук бере алчудай бекем, сапаттуу там салууну эскерткендей болду. Мырзакарим Дүйшөбаев, бышкан кыш ала албаса да, дубалдары бекем болуш үчүн кадимки “сокмо дубал” ыкмасын колдонууда. Ал үчүн, тургун, пахсаны ачытып, саманды да көп кошкон.