Жаңылыктар
Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын азайтуу багытындагы аракеттер көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын азайтуу багытындагы аракеттер көрүлүүдө

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары менен шаардык жол кайгуул кызматынын инспекторлору жогорку окуу жайларынын тегерегиндеги унаа тыгындарын жоюу боюнча биргелешкен рейд уюштурушту.

Акыркы жылдары ордо калаадагы унаалардын саны арбын тартып барат. Айрыкча жогорку окуу жайлар жайгашкан көчөлөрдүн эки тарабына унаалар токтотулуп, жолдон өтүүчү унаа кыймылына ыңгайсыз жагдайлар жаралууда.

Чындыгында Бишкек шаарынын жогорку окуу жайлары жайгашкан көчөлөрүнө унаа токтоого мүмкүн эмес деген жол белгилери коюлган. Бирок аны этибарга албай  жол боюна унааларын токтоткондор азайбай жатканы көйгөй жаратып жатат дешет шаардык жол кайгуул кызматынын инспекторлору.