Жаңылыктар
Шайлоонун үгүт иштерине дин кызматкерлерин тартууга тыюу салынат
Шайлоо 2023
Шайлоонун үгүт иштерине дин кызматкерлерин тартууга тыюу салынат

Кыргызстанда 15-октябрда өтчү президенттик шайлоонун үгүт иштерине дин кызматкерлерин тартууга тыюу салынат. 

Молдолордун шайлоого байланыштуу ар кандай түрдөгү үгүт-насааттары мыйзамсыз болуп саналарын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Баш мыйзамда дин мамлекеттен бөлүнгөндүгү, Кыргызстан светтик өлкө экени жазылган. 

Андыктан, диний ишмерлерди саясий өнөктүккө пайдалануу мыйзамсыз болуп эсептелет. Үгүт иштерине молдолорду аралаштырган талапкерге жаза колдонуларын Борбордук шайлоо комиссиясы да эскертет. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"