Жаңылыктар
Өлкөгө мыйзам жана тартип керек
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөгө мыйзам жана тартип керек

Мыйзам жана тартип. Дал ушул түшүнүк бардык өлкөлөрдө жашап келет. Бардык жерде чектен чыккандар же коомдук жайларга коркунуч туудургандар мыйзам чегинде жоопко тартылат. Коомдук жайлардагы тартипти сактоону мыйзам менен караган өлкөлөрдө кандай гана каршылык акциялары болбосун ошол эле мамлекеттик төңкөрүштү уюштурду, же бүтүндүүлүккө каршы шектелгендерди катуу жаза күтөрүн  башка өлкөлөрдүн мисалында көрүүгө болот.  Маселен Түркияда миңдеген мамлекеттик төңкөрүштү жасоого аракет кылгандар массалык камоого алынса, Россияда деле ушундай окуялар орун алып, баш аламандыкты уюштургандарга катуу жазаны чегерүү мыйзамы кабыл алды. 

Кыргызстанда болсо мындай жагдайда гумандуу мамиле болуп, эркин өлкөдө каалаганымды жасай берем дегендер да чыгат. Кайсы бир саясатчынын саясий кадамын колдогондор мыйзам жана тартип кошо жүргөн түшүнүк экенин эсинен чыгарып койгондой. Дегенибиз,  кечээ жакында болгон биринчи инстанциядагы бийлик өкүлүн барымтага алуу, жеке өмүргө коркунуч алып келүү сыяктуу кылмыш беренелери боюнча Садыр  Жапаровдун соттук бүтүмү ошол эле Элдик парламенттин өкүлдөрүнө байлыншкан соттук тыянактар коомчулукта да талдоочулар арасында да өлкөнүнү коопсуздугуна  байланыштуу  мыйзам чегинде туура болду деген ойду карманышат. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"