Жаңылыктар
Вьетнамдагы суу ташкыны 23 адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Вьетнамдагы суу ташкыны 23 адамдын өмүрүн алды

Вьетнамдагы суу ташкыны 23 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 3 күндүн берки жааган нөшөрлүү жамгырдан суу ташкыны келип чыккан. Учурда дайынсыз жоголгон 16 адамга издөө иштери улантылып, жабыркагандарга жардамдар көрсөтүлүүдө. 

Сел кесепети 228 үйдү жок кылып, жолдорду, эгин талааларын кыйраткан. Вьетнамда мындай суу ташкындары тез-тез катталып, жылына жүздөгөн адам өмүрлөрүнө себеп болот.