Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Түркияга учуп кетти
Саясат
Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Түркияга учуп кетти

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Түркияга учуп кетти. Жумушчу сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугат. 

Ошондой эле Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Стамбул шаарындагы "Манас" эпосунун каарманына арналган айкелдин ачылыш аземине, "Манас" тууралуу китептин бет ачарына катышат. "Манас" эпосу тууралуу кыска метраждуу фильм менен сахналаштырылган оюнду көрөт. 

Мындан тышкары Кыргызстандын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалган.