Жаңылыктар
Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

11-августтан 13-августка чейин Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу КыргызГидромет билдирди. Маалыматка ылайык 11-августта түнкүсүн айрым жерлерде, 12-августта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 

Жаандуу аба ырайы 13-августка чейин уланышы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.