Жаңылыктар
Бишкектин Түштүк магистралында болгон жол кырсыгынан 19 жаштагы кыз каза болду
Кырсык
Бишкектин Түштүк магистралында болгон жол кырсыгынан 19 жаштагы кыз каза болду

Бишкектеги Түштүк магистралда жүргүнчү ташыган маршрутка менен Volkswagen Transporter кагышып, анын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 8:20лар чамасында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Volkswagen Transporter жол чырагына карабай бурулуштан чыга калып, Mercedes Benz Sprinter маршруткасын капталга сүзүп, ал оодарылып калган. 

Окуяга күбө болгон жаран билдиргендей, сокку болгондо №202 маршрутканын ичиндеги бир кыз терезеден ыргып кетип, оодарылган маршрутка кайра аны басып калган. Кыз ошол жерден каза болгон. 

Эки айдоочу тең алкоголь жана баңгизаттарды колдонуп-колдонбогону боюнча текшерүүдөн өтүп, таза экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борбору жол кырсыгынан жабыркагандар келип түшкөнүн тастыктады.