Жаңылыктар
Жалал-Абадда адам өмүрүн алган жол кырсыгы көбөйдү
Кырсык
Жалал-Абадда адам өмүрүн алган жол кырсыгы көбөйдү

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 353 жол кырсыгы катталып,андан 66 адам каза болуп, 600дөн ашуун жаран денелеринен ар кандай жаракат алган. Ал эми өткөн жылы 7 ай ичинде катталган жол кырсыгы 319 болуп быйылкы жылдын 7 айына салыштырмалуу 10 пайызга аз болгон. 

Адистер жол кырсыктарынын көбөйүшүнө айдоочулардын катуу ылдамдыкта жүрүп, унааны башкара албай калып, карама-каршы жолго чыгып кеткендиктери себеп дешет. 

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда катталган жол кырсыктарынын көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда катталган. Мындан улам патрулдук милиция кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактап, этият болууга чакырат.