Жаңылыктар
3 –март КРнын Мамлекеттик туусу кабыл алынган күн
Саясат
3 –март КРнын Мамлекеттик туусу кабыл алынган күн

Мекенди сүйүү мамлекеттик атрибуттарды туу, герб, гимнди сүйүүдөн жана сыйлоодон башталат. 3 –март Мамлекеттик Тууну кабыл алган күн өлкөнүн баардык аймактарында белгиленет. Бул күнгө карата студенттер өлкө желегин мык жана жиптин жардамы менен жазап, көргөзмөгө чыгарды. Бир катар мамлекеттерде Мамлекеттик туусун жарандары үйлөрүнө илип ыйык тутат.

Мамлекеттик Туу күнүнө карата студенттер мык жана жиптин жардамы менен Кыргызстандын туусун жасап, көргөзмөгө койду. Жыгачка тактага чегилген желектин  узундугу 3 метр,туурасы 2 метрге жетет. Студент Заман Турсунбеков желекти жөн жерден тандап алышпаганын айтат.Себеби, көпчүлүк жаштар желектин тарыхын жана чечмеленишин билишпейт. “Андыктан мамлекеттик атрибутка элди кызыктырууну максат кылдык”- дейт студент.

Өзгөчө чеберчилик менен жасалган туу көргөзмөгө коюлду. 3-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайда аукционда сатылып, андан түшкөн каражат Токмок шаарындагы балдар үйүн оңдоого жумшалат. Ал эми Билим берүү академиясында окутуучу болуп эмгектенген Орозбек Түгөлбаев үйүнүн дарбазасына Мамлекеттик Тууну илип алган. Жылына үч ирет желекти алмаштырып, туу көтөрүү салтанатына үй-бүлөсүн, туугандарын жана теңтуштарын чакырганды адат кылып алган.

Легендарлуу парламенттин депутаты  Кубат Акматбеков 1992-жылы легендарлуу парламент мамлекеттик атрибуттарды, анын ичинде Тууну кабыл алууда, депуттардын арасында эки ай боюу чоң талуулар, талашып тартышуулар болгонун айтат. Алгач көк түстөгү тууну колдогондор басымдуулук кылган. Бирок, кызыл түстүү, ичинде түндүктүн сүрөтү түшкөн азыркы тууну көпчүлүк жактырып, анан кабыл алган.

Туу - бул мамлекеттин символикасы. Андыктан аны ардактап урунушуу менен аны кызганбай жалпы эл өзүнүн мамлекетинин символикасын билгендей кылып, бала бакча, мектеп, окуу жайларда жана үйлөргө илип, ардакталгандай, маанисин ачкандай кылып көбүрөк эл журтка жайылтуу керек.

3-март Мамлекеттик туу күнүн белгилөө 2009-жылдын 10-июнунда өлкө жарандарын мекенчилдик духта тарбиялоо жана мамлекеттик символдорго урмат менен мамиле кылуу максатында президенттин жарлыгына ылайык бекитилген. Туунун авторлору Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

С. Идирисов