Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстанда бизнеске ыңгайлуу шарттар түзүлөт"
Экономика
Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстанда бизнеске ыңгайлуу шарттар түзүлөт"

Укук коргоо органдарынын түзүмүн бир калыпка келтирүү иштери уланууда. Буга багытталган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол коюп, ага ылайык мындан ары бизнес тармагын бир гана мекеме- экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, мурдагы каржы полициясы текшерет. Бул биринчи кезекте ишкерлерге шарт түзүү максатында жасалууда. 

Мыйзам аркылуу өзгөртүүлөр Жазык-процесстик кодексине, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана башка бир катар мыйзамдарга киргизилген. Анын башкы максаты бизнести ар кандай негизсиз текшерүүлөрдөн коргоо. Буга чейин ишкерлерди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тартып ички иштер министрлиги, салык кызматына чейин текшерүүгө алчу. Эми бири-биринин милдеттерин кайталоо болбойт.

Мыйзамдарга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөргөн. Өлкө башчысы буга чейин Кыргызстанды бизнес үчүн бейишке айлантуу керектигин, чиновниктер жана күч органдары ишкерлерге зыян алып келбеши зарыл деп белгилеген.

Президенттин пикиринде, дал ушул бизнес чөйрөсү экономиканы көтөрүүгө чоң салым кошот. Андыктан салык, каржы полициясы сыяктуу кызматтардын ишкерлер менен байланышын болушунча азайтуу зарылдыгын белгилеп келет.