Жаңылыктар
Жаш спортчулар мекенге куржун толо медаль менен олжолуу кайтышты
Спорт
Жаш спортчулар мекенге куржун толо медаль менен олжолуу кайтышты

Кореяда Таэквондо боюнча жаштар арасында өткөн Азия биринчилигинде кыргыз спортчулар мекенге олжолуу кайтты. Тактап айтканда, Кыргызстандын атынан 16 жаш спортчу барып, бири да кур келбей өлкө куржунуна медаль утуп келди. Балдарынын спорттогу жараткан ийгиликтерине жетине албай жаткан ата-энелер аларды кубануу менен тозуп алышты.
Кореяда өткөн Азия биринчилиги. Бул спорттук иш-чарада таэквондочулар бүйүрдү кызыткан мелдеш көрсөттү. Бирок бул спортчуларды кыргызстандык таэквондочулар артка калтырды. Болгондо да мекенге куржун толо медаль утуп келишти.