Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолукту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолукту

Премьер Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Түркия Республикасында жүрөт. Сапардын алкагында кыргыз диаспорасы менен жолугушуу, Манастын айкелинин ачылышына катышуу пландалган. Бүгүн Анкарадан Сооронбай Жээнбеков түркиялык кесиптеши Бинали Йылдырым менен жолукту.

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолукту. Эки өлкөнүн өкмөттөр башчыларынын жолугушуусу бетме-бет форматында-тар курамда өттү. Ал эми кеңейтилген курамда тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкууга алышты. Сооронбай Жээнбеков Түркия Кыргызстандын башкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык алакада былтыркы жылга салыштырмалуу олуттуу өсүштү көрүп жатабыз. Эми мындан ары да эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы байланыштарды күчөтүү керек,- деди. Премьер - Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүдө жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда Түркиянын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташуу жана өнүгүү боюнча Түркия башкармалыгынын ролун баса белгиледи. Жээнбеков Йылдырымды жылдын соңуна чейин өлкөнүн башкы ажайып жайларынын бири болгон Кыргызстадын тарых музейин оңдоо иштерин каржылоону өтүндү.