Жаңылыктар
"Кепилдик фонду" өлкөдөгү ишкерликти кеңейтет
Экономика
"Кепилдик фонду" өлкөдөгү ишкерликти кеңейтет

Ишкерлер үчүн бизнесин илгерилетүүгө дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. "Кепилдик фонду" ишкер үчүн банктан каалаган суммадагы насыясын алууга кепил болуп берүүдө. Тилекке каршы банктар күрөөгө коюлган мүлктүн суммасы жетишсиз дегендиктен ишкерлер банктан каалаган суммасын ала албай келишкен. Мындай жардамдын өзгөчө элеттик ишкерлерге бизнесин кеңейтүүдө чоң эле пайдасы тийип жатат.

"Кепилдик фонддун" кызматын алгандардын көбү чакан жана орто ишкерчиликтин арабасын тарткан бизнесмендер болууда. Ишкерлер менен банктын ортосундагы бычылган күрөөнүн баасы боюнча маселе чечилип, каалаган каражатын алган ишкерлер ишкерчилигин кеңейтүүдө. "Кепилдик фондунун" кепилдиги менен жүз эки ишкер бизнесин илгерилетүүгө банктардан баш-аягы 520 миллион сомго насыя алды. Фонддун кепилдиги менен кредит алгандардын көбү элеттик ишкерлер. "Кепилдик фонддун" максаты-айыл жериндеги ишкерлерди колдоо, кайра иштетүү, ишкана ачууга көмөктөшүү. 

“Айыл жеринде күрөөлөрдү банктар аябай төмөн баалайт да ошондуктан орто кредиттин көлөмү аз эле болуп калат уйдун башка мулктун баасы өзүнүн сураган көлөмүндөгү кредитти биздин керегибиз аябай эле чоң болуп жатат. 102 39у айыл банктан келген. 50% айыл тараптан келген. Алар да айылдан келип жатат. Биздин ишкерлердин муктаждыгы 10 млрд сом гарантиядан керек болуп жатат, биз болгону 125 миллион сомго бердик", -деп билдирди  "Кепилдик фондунун" төрагасы Малик-Айдар Абакиров.