Жаңылыктар
Бүгүнкү күндө да айыл чарба кооперативдери ийгиликтүү иштөөдө
Айыл чарба
Бүгүнкү күндө да айыл чарба кооперативдери ийгиликтүү иштөөдө

1995-жылдары айыл чарба тармагында чоң реформа жүрүп, башкача айтканда, жарандардын үлүш жерлери аныкталып, бөлүнүп берилген. Бирок ошол жылдары жер-жерлерде дыйкандар тарабынан айыл чарба кооперативдери уюшулуп, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү иштеп жаткандары жок эмес. Алардын бири Ноокен районундагы "Ноокен" айыл чарба кооперативи быйыл 600 гектар аянтка пахта эгип, дыйкандар менен ийигилктүү иш алып барууда.

"Ноокен”айыл чарба кооперативи 1995-жылдын ноябрь айында негизделип,ага 368 адам үлүш жерлери менен катталып, кооператив жалпы 53 гектар дыйканчылык жери аянтына пахта эгип,өз ишмердүүлүгүн баштаган.
Биргелешип иш алып барууда бир топ жеңилдик жаралаарын түшүнгөн дыйкандар бул кооперативге эбак эле мүчө болушкан.Көп жыл мурда эле мүчө болуп киргендердин бири Махмуд Исаков.Дыйкан кооператив менен иш ал баруу жеңил экенин айтат,анын себеби эрте жазда жерди айдоо,сапаттуу үрөн табуу сыяктуу маселерге убаракерчилик жок болот.Мунун баарын коопоретив камсыздап турат.