Жаңылыктар
Мамлекеттик ишканаларды инвентаризациялоо декабрга чейин бүтөт
Саясат
Мамлекеттик ишканаларды инвентаризациялоо декабрга чейин бүтөт

Мамлекеттик ишканаларды инвентаризациялоо 1-декабрга чейин бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коллегиялык жыйынында белгилүү болду. Буга чейин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мүлктөрдү оптимизациялоо тапшырмасын берип, каттоодогу ишканалардын бардыгы текшерилип чыккан.

Өкмөт азыр өзүнүн статусуна жана мүнөзүнө туура келбеген ишканаларды анализдеп, жарым жартылай иштегендерин жандантып, же аларды бириктирүү аракетинде болууда. Буга чейин 114 мамлекеттик  ишкананы жоюу жана 63үн кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган болчу. Мамлекеттик мүлктү башкаруудан  жыл башынан бери 1 млрд  сомдон ашуун каражат  түшкөнүн мекеменин жетекчисинин  орун басары Бекболот Алиев мекеменин коллегиялык жыйынында билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн 2016-жылы мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкаруу боюнча талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында 118 ишкана жоюлуп, 81 мекеме кайрадан түзүлдү жана 19 мамлекеттик ишкана башка ишканага кошулган.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"