Жаңылыктар
БШК президенттикке талапкерлердин бешөөсүн тизмеден четтетти
Шайлоо 2023
БШК президенттикке талапкерлердин бешөөсүн тизмеден четтетти

Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын болжолдуу тизмесин тапшырганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 18 жашка толуп, биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын саны 2 миллион 914 миң 588 киши болду. 

"15-августтан тарта болжолдуу тизмелер аймактык шайлоо участкаларына таанышуу үчүн илинет", — деп айтылат маалыматта. Андыктан Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды тизмеден өздөрүн тактап алууга чакырат. Ошондой эле, 119 номери аркылуу чалып жана бул номерге идентификациялык номерди жазып, кыска билдирүү жөнөтүү менен тактоого болорун эскертет.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин бешөөсүн тизмеден четтеткендигин БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, талапкерлер Муканбай Аманбаев, Марта Кыдыралиева жана Камил Токтобаев шайлоо фондун убагында ачпаганы үчүн, Роман Ремнев менен Куттубек Бешбаков 35ке жашы жетпегени үчүн четтетилди. 

Буга чейин Анвар Сартаев менен Нусрет Муса-Оглы Мамедов талапкерликтен өз каалоолору менен баш тартышкан. 1-августка карата 59 жаран президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган болчу. Учурда 52 талапкер калды. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Мамлекет башчысына талапкер болуу үчүн талапкер 30 миң кишинин колун топтоп, миллион сомдук күрөө коюп жана кыргыз тилинен сынак тапшыруусу керек. Баш мыйзам боюнча 15 жыл Кыргызстанда жашаган 35 жаштан 70 жашка чейинки жарандар талапкер боло алат.