Жаңылыктар
Кытайда 8-августтан 9-августка караган түнү эки жолу катуу жер титиреди
Дүйнө
Кытайда 8-августтан 9-августка караган түнү эки жолу катуу жер титиреди

Силкинүүнүн күчү өлкөнүн түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдук районунда 6,5 баллга жетти. Бул Европалык жер ортолук деңиздик сейсмологиялык борборунун маалыматтары. Кырсыктын очогу Казакстандын Достык шаарынын түштүгүнө карай 109 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Азырынча түндө болгон кырсыктан жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Буга чейин 8-августта кечке жуук болгон 7 баллга жеткен силкинүүдөн 9 адам набыт болду, алардын катарында 6 турист дагы бар.Жалпы жабыркагандардын саны 164кө жетти. Катуу жаракат алып, жергиликтүү ооруканаларга отуздан ашык адам жеткирилди.