Жаңылыктар
Жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу аракети жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу аракети жүрөт

Транспорт жана жолдор министрлиги 10 күн аралыгында жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу жана авиажүргүнчүлөр менен иштеген тармактын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуш даярдашы керек. 

Мындай тапшырманы  өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жарандык авиациянын абалы жана келечек өнүгүүсүн  талкуулаган жыйында, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго берип, тармакта көңүл бура турган маселелер арбын экендигин эскертти. 

Жыйында кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш берилип, тармактын абалы катуу сынга кабылды. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"