Жаңылыктар
Кытайдагы жер титирөөдөн 12 киши каза болду
Кырсык
Кытайдагы жер титирөөдөн 12 киши каза болду

Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында 6,5 баллага жеткен жер титирөө болуп, 12 киши каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» телеканалы билдирди. 

Маалыматка караганда, жабыр тарткандардын саны 175ке жетип, анын 28и оор абалда. Куткаруу иштери улантылууда. Медиктер менен куткаруучулардан тышкары, 1 миң 300 полиция кызматкери дагы тартылды. Күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө Сычуань провинциясында кечээ, 8-августта, Бишкек убактысы менен кечки саат жетилерде катталган. Кийинчерээк Кытай сейсмологдору силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткенин аныктады.
Ал эми экинчи жер титирөө 9-августта Бишкек убактысы менен таңкы 5.27де Синьцзян-Уйгур автономдук районунда болду. Мында жердин силкинүү күчү 6,6 баллга жетип, үч адам жабыр тартканы айтылды. 

Кытайдагы таңкы жер титирөө Кыргызстан менен Казакстанга дагы байкалды. Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү Кыргызстанда 2-3 баллга жетти.