Жаңылыктар
Өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, жараксыз үйдө жашагандар
Кыргызстан жаңылыктары
Өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, жараксыз үйдө жашагандар

Баткен облусунун Кадамжай шаарында жер титирөөдөн улам жараксыз деп табылган үйлөрдө жашап жаткан үй-бүлөлөр бар. Анткени алардын башка барчу жайы жок. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийликке жана үй тургундарына мындай турак-жайда жашоо кооптуу деп эскертүү берген.

Жалгыз бой пенсионер Валентина Ушакова авариялык абалдагы көп кабаттуу үйдүн биринде турат. Ал кайсы күнү там басып калат деп кооптонуп жашайт. Үйдүн дубалдары жарылып, алтургай жылышып да кеткен. Башка үйгө байырлайын десе барчу жери жок. Авариялык абалдагы үйлөрдүн жашоочулары мэрия жана облус бийлигинен колдоо күткөнү менен айтылган жардам иш жүзүнө аша элек.

“Жетекчилерге жардам беребиз деп убада беришкен, бирок сөз боюнча эле калып атат. Мындай үйдө жашаш оор, үйгө бутум тартпайт, ичине кирүүнү каалабайм. Бирок башка кайда барат элем. Кайрылбаган жерибиз калбады, айлабыз кетти"
,- дейт Кадамжай шаарынын тургуну Валентина Ушакова.