Жаңылыктар
Президент А.Атамбаев «Маданият - Тарых - Тил» каналынын ачылышына куттуктоо жолдоду
Маданият
Президент А.Атамбаев «Маданият - Тарых - Тил» каналынын ачылышына куттуктоо жолдоду

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин «Маданият - Тарых - Тил» каналынын ачылышына карата куттуктоосунун тексти.

 “Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Бүгүн биз Кыргызстандын  маданий турмушунда жана  медиа тармагында маанилүү саамалыктын күбөсү болуп турабыз. Жаздын алгачкы күнү менен кошо “Маданият – Тарых - Тил” каналы ачылууда.

Бүгүнкү окуя акыркы  жылдары  Кыргызстанда  болуп  жаткан  руханий кайра жаралуунун көрүнүктүү мисалы болуп саналат. Мына  жазгы көктөмдөй болуп, маданий, руханий турмушубузда терең өзгөрүүлөр, жандануулар  башталууда.

Биз эл аралык деңгээлдеги маданий-спорттук иш  чараларды өткөрө аларыбызды далилдедик. Таланттуу ырчыларыбыз эл аралык сынактардан, ал эми намыскөй спортчуларыбыз ири мелдештерден байге утуп келип, калкыбызды кубанычка бөлөп жатышат.

Мамлекет  маданият  тармагынын өнүгүшүнө чоң  көңүл буруп жатат жана бул багыт сөзсүз улантылат.

Быйылкы жылдын Тарых жана маданият жылы деп  жарыяланышы анын күбөсү.

Кыргыз элинин “Манас” сыяктуу дүйнөдө өтө сейрек  улуу мурасы бар, бул улуу эпосубуз баарыбыздын руханий  таяныч-тирегибиз. Мындай көөнөргүс кенчти  жаратып, кылымдан кылымга алып  келаткан кудуреттүү  кыргыз  тилибиз бар. Кыргыз тили башка ондогон тилдердин  катарында Википедиядан ордун тапты, жакында  тилибиз дүйнөдө эң ири электрондук  сөздүк  болгон  Google Translate программасына расмий  кирди.

Быйыл Кыргызстандын мамлекеттик  көз карандысыздыгына 25 жыл толот. Бул ири тарыхый, маданий жана саясый окуя. Андан тышкары Жусуп Баласагындын миң жылдыгы,  күздө экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул окуялар кыргыздын байыркы тарыхынын, көчмөндөр цивилизациясынын айкын чагылышы болуп калмакчы жана Кыргызстандын руханий жандануусуна дем бермекчи.

Жаңы ачылган  “Маданият – Тарых - Тил”  телеканалы айылдык карапайым өнөрпоздон тарта дүйнөлүк аренага чыккан таланттарыбыздын чыгармачылыгын, элеттик  маданий очоктордон тарта борбордук сахналарга чейинки окуяларды жалпы журтубузга тартуулайт деп күтөбүз.

Кыргызстан - көп улуттуу өлкө. Бул биздин чоң байлык. Биз ар түркүн маданияттардын, руханий дөөлөттөрдүн чордонубуз. Нечендеген өлкөлөрдө мындай  байлык  жок. “Курама темир курч болот” деп айтылгандай, көп түрдүүлүк  бизди дагы да байытып, дарамет-күчүбүздү арттырып турат. Мына ошол маданий жана руханий көп түрдүүлүк  жаңы  каналдан татыктуу ордун табат деп ишенебиз.

“Маданият – Тарых - Тил” каналынын  боосу бекем, сапары байсалдуу болсун!

Көпчүлүк сүйгөн, күтүп көргөн, руханий азык алган, ата-бабалардын улуу мурасын уланткан жана  байыткан ордого айлансын!