Жаңылыктар
Кадамжайдын Бүргөндү-2 массивине сугат суу жеткирүү жумуштары аяктады
Айыл чарба
Кадамжайдын Бүргөндү-2 массивине сугат суу жеткирүү жумуштары аяктады

Кадамжай районундагы Бүргөндү-2 массивине сугат суу жеткирүү жумуштары аяктады. Жаңы өздөштүрүлүп жаткан 3 миң 850 гектар жерге 114 чакырым ички чарбалык каналдар курулду. Учурда сугат суу кенен болуп, дыйкандын түшүмү мол болууда. Бүргөндү өрөөнүнүн экинчи массиви кошуна Өзбекстан менен 17 чакырым аралыкта чектешет. Жаңы өздөштүрүлүп жаткан аймакка узундугу 1500 метр аралыкта эки суу тосмосу менен дюкер, 3 200 метр аралыкта жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлүүдө.

Абибулла Кушанов жети мурда Өзбекстандан Риштон районунан Бүргөндүгө көчүп келген. Ал жаңы өздөштүрүлүп жаткан аймактан жер тилке алып үй бүлөсү менен дыйканчылык кылат. Аймакка ички канал курулуп сугат суу жеткирилгенден бери түшүм мол болууда дейт. Дыйкан жер жемиштен сырткары коондун үч түрүн өстүрөт.

Жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан 3500 гектар жердин 1200 гектары калктуу конушка берилет. Калган бөлүгү айыл чарба багытындагы кооперативдерге, багбанчылыкка жана жашылча-жемиштерди өстүрүүгө бөлүнөт. Бул аймакта жашоо шарттын жакшырышына жергиликтүү тургундар чоң ишеним артып турушат. Бүргөндү эки массивинде эң башкысы сугат суу көйгөйү чечилген. Алдыда таза суу, электр энергиясын жеткирүү жумуштары бар. Аймакка көчүп келүүнү каалаган жаштар көп. Бүгүнкү бош жаткан боз талаа келечекте чек араны бекемдеген чоң өрөөнгө айланат.