Жаңылыктар
Быйыл 134 мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет
Билим
Быйыл 134 мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет

Быйыл 134 мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет. Бул билим уяларынын курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда. Ошондой эле өлкө боюнча жаңы 100 бала бакча ачылат. Эксперттер соңку беш жылда мектептерди жаңылоо жана жаңыдан салуу иштери бир топ жанданганын белгилешип, азыр билимге бурулган көңүл - келечекте өз натыйжасын бере турганын айтышууда.

2017-2018-окуу жылындагы курулуштардын планына 122 мектеп киргизилген. Мурдагы жылдары башталып, бирок курулушу токтоп турган курулуштар жана табийгат кырсыгынан улам авариялык абалга келген мектептерди кошкондо жалпысынан өлкө боюнча 134 объект пайдаланууга берилээрин жарандык курулуш департаменти билдирди. Биринчи көңүл авариялык абалдагы мектептерде. Алардын саны өлкө боюнча 12.

Курулуштардын баары республикалык бюджеттен каржыланууда. Кендин уруксат алуу үчүн төлөгөн каражатына дагы 100 мектепте оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Көз карандысыз изилдөө институту эки ай боюй республикадагы мектептердин курулушу, сапатына мониторинг жасаган. Анын жыйынтыгында соңку беш жылда мектептерди жаңылоо жана жаңыдан салуу иштери бир топ жанданганы белгиленген. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, 1-сентябрга карата өлкө боюнча жаңы 100 бала бакча ачылат.