Жаңылыктар
Ош: 20 жылдан ашуун таза сууга чаңкап келген Өзгөндүн Кара-Дыйкан айылына суу жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: 20 жылдан ашуун таза сууга чаңкап келген Өзгөндүн Кара-Дыйкан айылына суу жетти

20 жылдан ашуун таза сууга чаңкап келген Өзгөндүн Кара-Дыйкан айылына суу жетти. Жалпы Ош облусунун аймагында 21 айылды таза суу менен камыз кылуу аракеттери жүрүп жатат. Өлкөбүз суунун башы экенине карабай, бүгүнкү күнгө чейин таза сууга чаңкаган аймактарды кезиктирүүгө болот. Өзгөндүн Кара-Дыйкан айылындагы суу куурлары союз менен кошо талкаланып кеткендей абалда эле. Айылдагы Шарапат Абдуллаева атындагы муниципиалдык бала-бакча күнүмдүк керектөөчү таза суунун корун мына ушул желим идиштерге топтоп алат. 30 филягадагы суу- бакчадагы 170 баланын керектөөсүнө айрым күндөрү жетпей да калат. Бакчанын мындай турмушту кечирип жатканына 21 жылдын жүзү болду.  



Мындай таза сууга чаңкап отурган айылда төрт социалдык мекеме, башканча айтканда эки бала бакча, бир ФАП, бир мектеп бар. Муктаждыкты чечүү аракеттеринин жанданганына эки жылдын жүзү болду. Төрт ай мурда айылдын чок ортосундагы крандан таза суу чыгарылды. Мындан айылдагы алты миң киши суу ичет. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок. Дал ушундай таза суу айылдагы көчөнүн ар бир 100 метрине чыгарылат. Чаңкаган аймакка таза суу тартуулаган долбоор үчүн республикалык бюджеттен 40 млн.сом акча каражаты бөлүнгөн.

“Таза суу” долбоору Ош облусунун 21 айылында 14 долбоордун негизинде жүрүп жатат. Бул үчүн республиканын казынасынан 70 млн. сом каражат чегерилген. Долбоор, 20,30 жылдап таза суунун даамын татпаган айылдарды камтыган. Бул аракеттер өкмөттүн 2026-жылга чейинки калктуу конуштарды сугат жана ичүүчү таза суу менен камсыздоого багытталган Өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда. Анда 657 айыл, 22 шаар жана 26 райондун борборлоруна суу куурларын тартып келүү жана реаблитациялоо чаралары камтылган. Өткөн жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 80 млн. сомдон ашуун акча 26 обьекке бөлүнүп, мунун 8и пайдаланууга берилген. Ал эми, быйылкы жылы калктуу конуштарды таза суу мене камсыз кылууга өкмөт 200 млн.сом бөлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.