Жаңылыктар
Өкмөт башчы Стамбул шаарында мекендештер менен жолугушту
Саясат
Өкмөт башчы Стамбул шаарында мекендештер менен жолугушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түркияга болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Стамбулда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. 

Сүйлөшүүлөргө Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов катышты. 

Жээнбеков мекендештер менен жылуу учурашып, диаспора өкүлдөрүнө Түркиядагы бардык кыргызстандыктарды бириктирип, "Кыргызстандын достугу жана маданияты" коомун бекемдеп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан экономикада негизги басымды экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө жана аны колдоого жасап жатканына токтолду. Ал ошондой эле, Кыргызстан - Борбордук Азияда ВСП макамын алган жападан жалгыз өлкө экенин, мында 6 миңге жакын аталыштагы продукциялардын Европанын рыногуна салыксыз чыгарууга мүмкүнчүлүк берилгенин кошумчалады. 

Сооронбай Жээнбеков өкмөт пикир алышууга ар дайым ачык жана өлкө сыртындагы кыргызстандыктарга жардам көрсөтүүнү маанилүү милдеттеринин бири деп эсептейт.