Жаңылыктар
Чүй: аялуу катмардагы адамдардын үйлөрү кышка карата жылууланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй: аялуу катмардагы адамдардын үйлөрү кышка карата жылууланууда

Ушул күндөрү Чүй облусунун аймагында, аялуу катмардагы адамдардын үйүн кышка карата жылуулап берип, айыл жеринде жашыл экономиканы жайылтуу саясатын жүргүзгөн долбоор иштөөдө. Аны  Швейцариянын өнүгүү боюнча кызматташтык уюму каржылап жатат. Негизи Кыргызстанда үйдү жылуулоо боюнча бир топ эле уюмдар иш жүргүзүп келет. Бул долбоордун артыкчылыгы - колунда жок, жакыр жашаган, жетим, жесир, майып, мүмкүнчүлүгү чектелген, оор турмушта жашаган үй-бүлөлөргө жардам бергени болууда. Себеби жылуулукту көпкө сактай турган энергоэффективдүү каражаттар деп канчалык кооз сүйлөбөйлү, ушул нерсе эң биринчи муктаж болуп турган аялуу катмардагы адамдарга жетпесе бул багыттагы саясат терең жайылбайт. 

Ал эми жакыр жашаган адамдар - үйүн жылуулап алмак турсун, тамак-ашына тыйынын араң жеткирип, өп-чап жашап жатканы чындык. Буга кошумча долбоор ошол айылдагы жумушсуз жүргөн, бирок курулушка шыгы бар 15ке жакын жаштарды чогултуп, үйдү энергоэффективдүү каражаттар менен жылуулоону акысыз үйрөтүүдө. Ишти аткарып жаткан "Курулуштагы жашыл шыктарга окутуу" долбоорунун менеджери Жаныбек Пакыровдун айтымында, долбоор муну менен айылдагы эки чоң маселени чечип кетүүдө. 

Биринчиден - аялуу катмардагы адамдардын үйү жылууланып, кышкысын кыйналышпайт. Андан тышкары жылууланган үй электр энергиясын да, көмүрдү, отунду да 50% аз сарптап, айылда жашаган башка тургундарга үлгү болууда. Экинчи бир жагынан айылда жумушсуз жүргөн бош жаштарды бир кызыкчылыкка бириктирип, аларды профессиналдык деңгээлдеги кесипке үйрөтүп, үй-бүлөсүн багып, нан таап кеткидей жакшы шарт түзүп берүүдө.