Жаңылыктар
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга электрондук виза берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга электрондук виза берилет

Сентябрь айынан баштап Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга электрондук виза бериле баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жыйынында белгилүү болду. 

Электрондук виза туристтик жана ишкерлик максатта келгендер үчүн 90 күнгө берилет. Мөөнөтү бүткөндөн кийин узартууга уруксаат берилбейт. Башка категориядагы визалар үчүн чет өлкөдөгү консулдук мекемелердин жардамы аркылуу виза алуу режими ишин улантат. 

Электрондук виза туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында ишке киргизилүүдө. Кыргызстанга келүүнү каалагандар www.evisa.e-gov.kg сайтына арызды электрондук негизде калтырат. 3 күн ичинде Кыргызстан тараптан көрсөтүлгөн электрондук почтага жооп келет.