Жаңылыктар
Стамбул шаарында Айкөл Манаска тургузулган эстеликтин ачылышы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Стамбул шаарында Айкөл Манаска тургузулган эстеликтин ачылышы болду

Түркиянын Стамбул шаарында Айкөл Манаска тургузулган эстеликтин ачылышы болду. Салтанаттуу иш чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, министрлер, Стамбул шаарынын мэри менен Түркиянын маданият жана туризм министри, Түркияда жашаган мекендештер жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Бул Стамбулдун жашоочулары сүйгөн эс алуу багы. Жергиликтүү тургундар такай мында эс алып, эл өзгөчө көп жүргөн жер.. Дал ушул жерде Айкөл Манаска эстелик тургузулду. 

Мээ кайнаткан ысыкты эс алуу багынан күндүз элдерди көп деле кезиктирүүгө болбойт. Ошентсе да эстеликти ачуу салтанатында эс алуу багында дем алгандар арбын болду. Баары кыргыз элинин баатырын көрүүгө ашыгып турушту. 

Салтанаттуу иш чараны ачып жатып Стамбулдун мэри Кадыр Топбаш эстеликти тургузуу үчүн эс алуу багындагы эң кооз жер тандалып алынганын белгиледи. Себеби Манастын кыргыз эли үчүн эмес дүйнөлүк адабиятта орду өзгөчө-деди Кадыр Топбаш. 

Түркиянын маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш эстеликтин ачылышы менен эки бир тууган элди мурдагыдан да жакындатат-деди. 

 Бул иш чарадан кийин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жаңы бир деңгээлге чыкты. Кыргызстан тарап Манастын эстелиги бир тууган мамлекеттин аймагында тургузулганына кубанычта. Өкмөт башчы Түркиянын бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. 

Жезден жасалып, чекелери коло менен да жасалгаланган эстеликтин бийиктиги 15 метр. Бул эмгек скульптор Саадабек Ажиевге таандык. Анын айтымында бул бөлөк эстеликтерден айырмаланат.