Жаңылыктар
БШК: кандай талапкер каттоодон өтөт?
Шайлоо 2023
БШК: кандай талапкер каттоодон өтөт?

Президенттик кызматка талапкерлер көп. Бирок расмий катталуу үчүн тиешелүү эреже-талаптарды аткаргандары азырынча активдеше элек. Ал талаптардын бири талапкерлер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун чогултуп, Боршайкомго тапшырышы керек. Айрым талапкерлер чогулткан колу өтө көп көлөмдө болгону Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин оорлотту. Чечим чыгарууда белгиленген өлчөмдөн ашыкча сандын мааниси барбы? 

Президенттикке талапкерлердин саны 50дөн ашат. Бирок расмий уруксат алуу үчүн талаптардын бири - 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтогондор азырынча үчөө гана. Мында Өмүрбек Текебаев 38 миңден, Темир Сариев 60 миңден, Өмүрбек Бабанов 100 миңден ашык шайлоочудан чогулткан колду БШКга тапшырышты.

Ар бир тапшырылган колдун аныктыгын текшерүү 10 күн керектелет. БШКдан билдиришкендей, белгиленген көлөмдөн ашыкча кол топтоонун шайлоо жыйынтыгына тиешеси жок. 

30миңден кем эмес кол топтоо керек. Ашыкча чогултууга мыйзам тыюу салбайт. Бирок ал БШКнын ишин кыйындатаарын Кайрат Осмоналиев белгиледи.

Чечим чыгарууда белгиленген өлчөмдөн ашыкча кол топтоо шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт. Ошондуктан өнүккөн көп мамлекеттердин шайлоо системасында талапкер болуп катталуунун алдында шайлоочулардын колун чогултуу тажрыйбасы жок экенин эксперттер белгилешет.