Жаңылыктар
Ошто салыкка нааразы болгон троллейбус айдоочулары иш ташташты
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто салыкка нааразы болгон троллейбус айдоочулары иш ташташты

Ошто троллейбус айдоочулары бүгүн ишке чыгышкан жок. Бул тууралуу Оштогу троллейбус башкармалыгынын башчысы Урали Романов билдирди. Анын айтымында, троллейбус айдагандар 10-августта ишин таштаарын алдын ала мэрияга эскертишкен. 

Романов иш таштоого троллейбус айдоочуларынан ар бир каттамынан 80 сом салык чогултулуп жатканы себеп болгонун кошумчалады. Шаар бийлиги азырынча бул боюнча пикирин билдире элек. Ошто шаар тургундарын ташыган 35 троллейбус бар.