Жаңылыктар
"Манас" эпосу түрк тилинде жарык көрдү
Маданият
"Манас" эпосу түрк тилинде жарык көрдү

Стамбул шаарында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз делегациясынын катышуусунда Түркиянын коомчулугуна «Манас» эпосунун 1 миң 840 барактан турган котормосунун бет ачары болду. Бул-Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча түрк тилине которулган жалгыз басылма болуп эсептелет. Китеп манасчынын 2017-жылы өтө турган 150 жылдык мааракесине карата чыгарылды. 

Бет ачарга Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш, Стамбул шаарынын губернатору Насип Шахин, Түркиянын маданият жана туризм министри Нуман Куртумуш, Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, эки өлкөнүн тарыхчылары жана Стамбул шаарынын тургундары катышты. 

Сооронбай Жээнбеков “Манас” эпосунун котормосун Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбашка ыйгарып, Түркиянын Президенти Реджеп Тайып Эрдоганга берип койууну өтүндү.