Жаңылыктар
Фитосанитардык лабораторияны куруу, ЕАЭБ базарына экспорттоого жол ачат
Экономика
Фитосанитардык лабораторияны куруу, ЕАЭБ базарына экспорттоого жол ачат

Быйылкы жылдын аягына чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 30 миллион сомдук каржатты талап кылган фитосанитардык лабораторияны куруу паландалууда. Азыркы тапта бул боюнча тийиштүү иш аракеттер көрүлүп, каржы маселеси каралууда. Ал эми адистер фитосанитардык лаборатория курулуп бүткөрүлсө, облуста өндүрүлгөн эт, сүт продукцияларын ишкерлер ички базарга гана эмес Евразия экономикалык биримдигинин аймагына чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат. Учурда Жалал-Абад облусунда жалпы 25тен ашуун асыл тукум фермердик чарбалар бар. 

Сузактык Өскөнбай Тагаев, асыл тукум чарбасын түптөгөнүнө быйыл 21 жылдан ашып отурат. Азыркы учурда фермердин колунда 1000 миңге чукул “Гиссар”тукумдагы койлор бар.Анын 700 дөн ашууну жайлоода каралып,200 дөн ашууну короосунда багылууда. “Гиссар”тукумдагы койлорду болсо Таджикистан өлкөсүнөн алдырган.

Өскөнбай Тагаевдин айтымында, Гиссардин кочкорлорунан 100 килограммдан ашуун эт алууга болот.Фермер асыл тукум койлорунун алдын 90 миң сомго чейин сатат. Сандан сапатка өтүүнү көздөгөн фермер “Гиссар” койлорду эт багытында кармап келет. Фермер акырындык менен өндүргөн этин чет өлкөгө,башкача айтканда, ЕАЭБ базарына экспорттоону көздөйт. Ал үчүн атайын лабораториялар курулса дейт.

Быйыл эми Сузак районуна фитосанитардык лаборатория куруу жагы колго алынууда. 30 миллион сомдун тегерегиндеги лабораториянын каражаты чечилсе эле курулушу башталат. Андан сырткары быйыл өкмөт тарабынан атайын акча каражаты бөлүнүп берилип, Ноокен,Ала-Бука, Токтогул районундагы ветеринардык санитардык экспертиза лабораториялары каптилдык оңдоп түзөөдөн өтүп жатат. Адистер акырындык менен эт багытындагы асыл тукум малдарды көбөйтүп,учурдун талабы экенин атышат. Азыркы учурда Жалал-Абад облусунда жалпы 28 асыл тукум чарбасы болсо анын төртөөсү жылкы,сегизи ири мүйздүү чарба калган 16 чараба болсо майда жандыктан.