Жаңылыктар
Индияда миллионго жакын этникалык топ нааразычылык акциясына чыгышты
Дүйнө
Индияда миллионго жакын этникалык топ нааразычылык акциясына чыгышты

Индиянын Мумбаи шаарынын көчөлөрүнө жумушка орношуу жана билим алуу үчүн кошумча орундарды сурап, маратхи деп аталган этникалык топ митингге чыкканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, миллионго жакын маратхилер "үн катпас марш" аттуу акцияга катышууда. 

Митингчилер шаардын бир нече көчөлөрүн аралап баскандан кийин штаттын жетекчисинин офисинин алдына барып, бардык талаптарын айтышкан. "Биздин талаптарыбыз абдан көп, бирок негизгилери — жумушка орношуу жана билим алуу үчүн кошумча орундар берилсин деп жатабыз", — деди нааразычылык акциясынын лидерлеринин бири Нараян Ране. 

Мындан сырткары акциянын негизги себептеринин бири маратхи элинен чыккан 14 жашар кызды башка кастадагы бир нече эркек кордоп, өлтүрүп койгон. Кыймылдын активисттери бир жыл ичинде 57 жүрүш өткөргөн. Бирок бул жолку митинг тагдыр чечээрлик болору айтылууда.