Жаңылыктар
Кечээ Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган, 2 жол кырсыгы катталды
Кырсык
Кечээ Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган, 2 жол кырсыгы катталды

Кечээ Ысык-Көлдө 2 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Алардын экөө ата-бала болушса, дагы экөөсү 2 унаанын айдоочулары болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Жол кырсыктары, Ысык-Көл облусунун   Жети-Өгүз районунда 9-август күнү кечки 20:00да жана Түп районунда 20:10 убактысында катталган.

Түп районунун  Сары-Булак айылына жакын жерде “Хонда Стрим” жана “Фольксваген Пассат”  үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, натыйжада 2 унаанын тең айдоочулары окуя болгон жерде каза болушкан. 

Ал эми, Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын кире беришинде “Фольксваген Вента” үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн. Унаанын ичинде 3 адам болгон, натыйжада 1967-жылы туулган атасы жана 2010- жылы туулган баласы каза болушуп, ал эми 12 жаштагы баласы оор абалда Каракол шаардык ооруканага тез жардам кызматы тарабынан жеткирилген.