Жаңылыктар
Баткенде террордук топтун 3 мүчөсү соттолду
Кылмыш
Баткенде террордук топтун 3 мүчөсү  соттолду

Баткенде "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү болгон үч адам соттолду. Алар Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, Кыргызстанда террордук актыларды уюштуруу максатында кайтып келген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлады. 

Соттолуучуларга-Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылыкка даярдануу", "жалданмачылык", "ок атуучу курал-жаракты мыйзамсыз сактоо", "мамлекеттик чек араны бузуп өтүү", "жасалма документ колдонуу" жана "улут, раса, диний жана башка кастыкты козутуу" беренелери боюнча айып тагылып, мүлкүн конфискациялоо жолу менен күчөтүлгөн режимдеги колонияга 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды. 

Аларды кармоо учурунда “Калашников” автоматы, гранаталар, ар түркүн калибрдеги ок-дары, террордук жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана байланыш каражаттары табылган.