Жаңылыктар
Азамат Жаналиев Монголиянын президентине стринг арт ыкмасында тартылган сүрөтүн белек кылды
Кыргызстан жаңылыктары
Азамат Жаналиев Монголиянын президентине  стринг арт ыкмасында тартылган сүрөтүн белек кылды

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Монголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугуп, ага мык жана жип менен стринг арт ыкмасында тартылган сүрөтүн белек кылды. Бул тууралуу сүрөтчү фейсбук баракчасына жазды. 

Анын айтымында, монгол президенти белекти жылуу кабыл алып, ыраазычылык иретинде колодон жасалган жоокердин айкелин жана Монголгиянын Гиннес китебине колун коюп тапшырган. 

Ал буга чейин Саякбай Каралаев, Ахмад Кадыров, Владимир Путин, Пётр I, Чыңгыз Айтматов жана башка белгилүү инсандадын сүрөттөрүн стринг-арт ыкмасы менен тартып, коомчулуктун назарына сунуштаган.