Жаңылыктар
Түп-Кеген жолунда оңдоо иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Түп-Кеген жолунда оңдоо иштери башталды

Ысык-Көл облусунун эл аралык маанидеги Түп-Кеген жолунда оңдоо иштери башталды. Эске сала кетсек бул жол каттамынын курулушу 2008-жылы эле башталып, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп турган. Жол курулушчулардын билдирүүсүндө быйылкы жылы 5,5 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлөт. Учурда жалпы 76 чакырымды түзгөн жол каттамынын 40 километринде курулуш иштери аяктаган. Ысык-Көл облусу үчүн Түп- Кеген эл аралык жолунун бүткөрүлүшү өтө маанилүү. Себеби коңшу өлкөдөн туристтердин каттамы эки эсе көбөйөт. Казакстандыктар үчүн жол каттамы үч жүз чакырымга кыскарат. Экинчиден жергиликтүү дыйкандар маңдай тер агызып өндүргөн айыл чарба продукциясын сатуу жеңилдейт болчу. 

Жол бүтө элек.Мындан улам Казакстандын бажысы бизден эч бир продукция өткөрбөйт. Бишкек аркылуу гана эл ташып жатышат. Жол бүтсө Алматага, жок дегенде Кегенге айылчарба продукцияны ташыйт элек да. Мурда ушул жол аркылуу эле ташып кыйынчылык жок болчу.Эми жолдун бүтүшүн гана күтүп жатабыз. Жыл сайын жол курулушуна каражат аз бөлүнгөндүктөн мекеменин кызматкерлери да кыйынчылык тартып жатышат. Себеби жыл сайын эки үч ай гана иштеп калган убакыт бош болушат. Чынында эле Түп-Кеген эл аралык жол каттамынын салынып жатканына туура он жыл болот. Жолдун узундугу болгону жетимиш алты чакырым. Жол салып жаткан мекеме мындан пайда таппмак түгүл зыянга учурап баратабыз дешет. Транспорт жана жолдор министрлиги болсо бул маселе чечилүү алдында турат дешет. Бирок качан, кайсыл мезгилге, ким жоопкерчиликтүү болот ал деле белгисиз.