Жаңылыктар
Ош: ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учуп кетишти
Дин
Ош: ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учуп кетишти

Бүгүн, 10-августта таң эрте Ош Эл аралык аэропортунда облустан ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу Ош облустук казыяты билдирди. Зыяратчыларды узатууга келген Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан мекендештерибизге ажылык парз машакаттуу, сабырдуулукту жана кайраттуулукту талап кылган ибаадат экендигин белгиледи. 

Мындан сырткары зыяратчыларга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбековдун эмгегине таандык ажылык амалдарды аткаруу жөнүндө чыгарылган атайын китепче таратылды. Эскерте кетсек, быйыл Ош жергесинен 36 топ менен жалпы 1750 зыяратчы ажылык сапарга аттанат жана учуу рейстери 20-августка чейин созулмакчы.