Жаңылыктар
Бишкектин жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин  жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлады. Көгүлтүр от эрте мененки сегизден кечики бешке чейин үзгүлтүккө учурайт. 

Маалыматка караганда, 11-августта Ленин айылынын Восточная көчөсүндө жана Токмок шаарынын Шамсинская көчөсүндө газ өчүрүлөт. Ал эми 14-августта Токмоктун Өзбек, Пролетарская, Казакстан көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот. 

14-15-августта Бишкек шаарынын Бакаев көчөсүндө, 15-16-августта Салиева, Лермонтов, Фрунзе, Кантемировская көчөлөрүндө жана 16-17-августта Каралаев көчөсүндө газ өчөт. "Газпром Кыргызстан" ишканасы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет.