шайлоо комиссиясы "Мекенчил" партиясынын лидери Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Мындай чечим Боршайкомдун бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Ага макул деп БШКнын 12 мүчөсүнүн тогузу добуш берип, 3 мүчөсү каршы чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан Жапаровдун өкүмү 2-августта угузулган.
Ал Кылмыш кодексинин 227- бийлик өкүлүн барымтага алуу беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.