Жаңылыктар
Жээнбеков: "Манас" эпосу кыргыз элинин кылымдарды карыткан улуу мурасы
Маданият
Жээнбеков: "Манас" эпосу кыргыз элинин кылымдарды карыткан улуу мурасы

"Манас" эпосу кыргыз элинин кылымдарды карыткан улуу мурасы жана улуттук сыймыгы. Кыргыз элинин дүйнөдө теңдеши жок, зор көлөмдүү чыгармасы Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилинде басылып чыкты. "Манас" эпосунун толук варианты камтылган китептин ачылыш аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон Кыргызстандын делегациясы, Стамбул шаарынын мэри, Түркиянын окумуштуулары, жергиликтүү тургандар жана Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Стамбулдагы Зейтин Бурну маданий борборунда уюштурулган Манас эпосуна арналган сүрөт көргөзмө, андан соң эпос тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп күбө болгондор кыргыз элинин бай маданиятына сүңгүдү.
Андан соң “Манас” эпосунун түрк тилиндеги басылмасынын бет ачары болду. “Манас” эпосунда түрк тилдүү элдердин тыгыз байланыштары тууралуу өзгөчө айтылаарын билдирген өкмөт башчы- бул эпос көп тилдерге, анын ичинде орус, кытай, англис, француз, япон, фарсы жана башка тилдерге которулганын айтты. Эми “Манас” эпосунун варианттарынын бири түрк тилине которулду.