Жаңылыктар
Ош облусу боюнча 18 социалдык мекеме республикалык бюджеттин эсебинен курулду
Билим
Ош облусу боюнча 18 социалдык мекеме республикалык бюджеттин эсебинен курулду

Ош облусу боюнча быйыл 18 социалдык мекеме республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Ал эми учурда курулушу жүрүп жаткандардын саны 71. 

Оштогу № 45- Мырзаев атындагы орто мектеп 1994-жылы фин тибинде 180 балага ылайыкталып курулган. Узакка кызмат кыла албай турган материаолдан салынгандыктан эскилиги гана жетпестен,300 балага тардык кылчу.Ал эми жаан-чачындуу күндөрү мугалимдер, сабак өтүүнүн ордуна шыптан тамган тамчы менен баш оорутчу.

Быйылкы жаңы окуу жылына Ош облусу боюнча жалпы: 18 соц.обьект же, 6 мектеп, 10 спорт зал, бир бала-бакча пайдаланууга берилет. Ал эми, Ош шаарынын өзүндө эки мектеп, эки бакча ишке кирет.