Жаңылыктар
Парламент жыйындарын «Пирамида» телеканалы түз эфирден көрсөтөт
Саясат
Парламент жыйындарын «Пирамида» телеканалы түз эфирден көрсөтөт

Бүгүн, 3-марттан тарта  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйындары  «Пирамида» телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүлө  баштады. Мындай саамалык кыргыз парламентинин ишин ачык-айкын жүргүзүүгө кошумча өбөлгөлөрдү түзмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Пирамида» телеканалын мамлекеттик органдардын ишин чагылдырган жалпыга маалымдоо каражатына айландыруу тууралуу чечим кабыл алынган.