Жаңылыктар
БШК Текебаевдин экзамен тапшыруусуна уруксат берген жок
Шайлоо 2023
БШК Текебаевдин экзамен тапшыруусуна уруксат берген жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Текебаевдин экзамен тапшыруусуна уруксат берген жок. Ошондой эле, Садыр Жапаровду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн тогузу бул чечимди колдоого алса, үч мүчөсү каршы эместигин билдирди. 

БШК президенттик кызматка талапкер экс - вице мэр Эрнис Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттады. Ал арада ажолукка аттангандар кыргыз тилинен тест тапшырды. Алар Исхак Масалиев 82.25, Арсланбек Малиев 64.27, Казыбек Шайимбетов 79.37 баллга ээ болду. Ал эми Калмамат Мактымбаев жалпы 24, 6 упай алып, тил сынактан өтпөй калды.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"