Жаңылыктар
"Дени сак эл" ассоциациясы акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө
Ден соолук
"Дени сак эл" ассоциациясы акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө

"Дени сак эл" ассоциациясы жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрө баштады. Алар бул жолу Ош шаардык боорукердик үйүндөгүлөрдөн кабар алышты. Боорукердик үйүндө  айрыкча кары-картаңдар медициналык жардамга муктаж. 

Себеби жашы бир топко барганда кароосуз калып кетиши ден-соолуктарынын начарлашына да таасир этет. 

Мындан улам асоциациясынын дарыгерлери баардыгын кылдат текшерүүдөн өткөрүп,керектүү дары-дармектерди жазып беришти. Алар муну менен гана тим болбой эми ар ай сайын  келип, боорукердик үйүндө жашагандардан кабар алып турмай болууда. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"