Жаңылыктар
Инвестициялардын түз агымы 202,6 млн долларга жетти
Экономика
Инвестициялардын түз агымы 202,6 млн долларга жетти

2017-жылдын I кварталында чет элдик инвестициялардын түз агымы 202,6 млн долларга жетти. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика министринин орун басары Данияр Иманалаиев билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилина салыштырмалуу 35% көп. Тармактарга бөлүп караганда инвестициянын 56 пайызынан ашыгы кайра иштеттүү тармагына, 26 пайызы каржы тармагына, кесиптик, илимий жана техникалык чөйрөгө 9,9 пайыз инвестиция тартылган. 

Ал эми Инвестицияларды жана эскпортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги акыркы 7 айдын ичинде 9 ири долбоорду ишке ашырууга жетишкен. Алардын катарында жардыргыч заттарды чыгаруучу завод, “Искра Азия” агрардык-өндүрүш паркы, Красноречкада курулган этти иштетүүчү комбинат, радиаторлорду чыгаруучу завод, текстиль фабрикасы, өсүмдүк майын өдүрүүчү завод жана дүйнөлүк “Новотель” брендинин 4 жылдыздуу мейманканасынын курулушу бар. Аталган агенттик дагы 6 ири долбоорду ишке ашырууну пландап жатканын билдирди. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"