Жаңылыктар
Атамбаев Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды
Саясат
 Атамбаев Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев 11-августта Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчыга өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү багыттарын өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берилди.

Эрлан Абдылдаев бир катар мамлекеттер жана Европа союзунун тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен кызматташуунун актуалдуу маселелери жана жогорку деңгээлде жетишилген келишимдердин жайылтылышы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айтып берди. Ошондой эле Тышкы иштер министри чет элдик жарандарга өлкөнүн чет мамлекеттердеги элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылбай эле, он-лайн режиминде 3 күн ичинде туристтик жана кызматтык виза алуусуна шарт түзүүчү электрондук виза берүү системасын ишке киргизүүгө даярдыкты айтып берди. Система ушул жылдын 1-сентябрынан ишке кирет. Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министрине мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына негизделген тышкы саясатты натыйжалуу жүргүзүүдө бир катар тапшырмаларды берди.