Жаңылыктар
124 миң жаран жаңы үлгүдөгү паспорт алды
Кыргызстан жаңылыктары
124 миң жаран жаңы үлгүдөгү паспорт алды

Кыргызстандын 124 миң жараны жаңы үлгүдөгү паспорт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев маалымдады. Анын айтымында, дагы 76 миң жаран жаңы паспорт алуу үчүн арыз таштаган. Алар берилсе жаңы паспорт алгандардын саны 200 миңге жетет. Каттоо кызматы биометрикалык каттоонун негизинде жаңы паспорттун үлгүсүн сунуштаган. Анда улутун көрсөткөн графа жок. Бармак изи сыяктуу бардык маалыматтар атайын чипте сакталат. Жаңы үлгүдөгү паспорт жыл соңуна чейин акысыз берилет.